Жалал-Абаддын Чаткал районуна кирип-чыгууга тыюу салынды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКөзөмөл пункт
Көзөмөл пункт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 3-майда, күч түзүмдөрүнөн Чаткалга облустан кошумча күч жана медицина кызматкерлери тартылган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бүгүндөн баштап Чаткал районуна жарандардын кирип-чыгышына тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Чаткал району Жалал-Абаддын түндүк батышында жайгашкан, Талас облусу жана Өзбекстан менен чектешет.

"Райондо коронавирус илдетине кабылган 7 учур катталган. Ал жакка сырттан адамдарды киргизбейбиз, ичинен дагы чыгарбаганга аракет кылып жатабыз. Азык-түлүк алууга жана жүйөлүү муктаждык болгондо гана районго кирип-чыкканга уруксат берилет. Анда дагы посттон экспресс-тесттен өткөрөбүз. Ансыз чыгууга тыюу салынат", — деди Мирзахмедов.

Ал ошондой эле кечээ, 3-майда, облустагы күч түзүмдөрүнөн Чаткалга кошумча кызматкерлер жана медиктер тартылганын белгиледи.

Буга чейин Ысык-Көл облусуна дагы кирип-чыгууга тыюу салынган. Мындан сырткары өзгөчө абал режими бүткөндөн кийин Бишкек шаарына адамдардын киришине чек коюу каралууда.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстан жана Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Токаев COVID-19 боюнча биргелешкен иштерди талкуулады
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0