Комендант өзгөчө абалдан бери Бишкекте болгон кылмыш, кырсыктардын санын айтты

© AFP / FRED DUFOURКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозалиевдин айтымында, Бишкек шаарында коомдук-саясий абал тынч жана комендатуранын көзөмөлүндө турат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Борбор калаада коменданттык режим киргизилгенден бери 2093 кылмыш жана жорук катталган. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, иштин жарымы ачылган.

"25-марттан тарта Бишкекте 2093 кылмыш катталса, анын 1903ү ачылган. Мындан сырткары, 71 жол кырсыктын кесепетинен 86 адам ар кыл жаракат алган", — деди комендант.

Орозалиев өткөн суткада Бишкекте 91 адам коменданттык саатты бузуп кармалгандыгын айтты. Ал эми өзгөчө абал киргизилгенден тарта түндө 3 074 киши тартип бузган.

Коронавирустун кесепети

Капельница алып жаткан өспүрүм - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн 6 баладан вирус табылып, алардын жалпы саны 113кө жетти
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0