Аскер кызматкерлеринин арасында COVID-19 жуктуруп, ооруканада жаткандар бар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКөзөмөл пункттагы ИИМ кызматкерлери
Көзөмөл пункттагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскерлердин бир бөлүгүн Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дарылап жатышат. Буга чейин 10 аскер жакшы болуп чыккан.

БИШКЕК, 4-май – Sputnik. Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн 17 аскеринен коронавирус катталып, учурда ооруканада дарыланууда. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Буга чейин күч түзүмдөрүнүн аскерлеринин ичинен коронавирус менен 20 учур катталган. Алардын жарымы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жатып, жакшы болуп чыккан, дагы 10 адам калган. Бирок кечээ дагы жети кызматкерди алып келишти", - деп билдирди Акматова.

Коронавирустун кесепети

Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда
Кыргызстандан коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0