Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МИД КРБүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди
Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Дубайдан 178 кыргызстандык алып келинген. Республикалык штаб 10-майда дагы бир чартердик каттам уюштуруларын кабарлаган.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бүгүн Дубайдан Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтып келди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

© Фото / пресс-служба МИД КРВ рамках реализации ранее достигнутых договорённостей с эмиратской стороной по маршруту «Дубай-Бишкек» в Кыргызстан прибыли 180 наших граждан. 3 мая 2020 года
Бүгүн Дубайдан Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтып келди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн Дубайдан Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтып келди
© Фото / пресс-служба МИД КРВ рамках реализации ранее достигнутых договорённостей с эмиратской стороной по маршруту «Дубай-Бишкек» в Кыргызстан прибыли 180 наших граждан. 3 мая 2020 года
Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди
1/2
Бүгүн Дубайдан Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтып келди
2/2
Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди

Маалыматта бул эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашырылганы айтылат. 

Эл аралык аэропортунда учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таиланд менен Камбоджада калган 24 кыргызстандык Бишкекке алып келинди
Ал эми Республикалык штаб Fly Dubai авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келген мекендештерди “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алышканын маалымдады.

Коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр учурда аэропорттун перронунда тейленүүдө, андан соӊ алар обсервацияга жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Дубайдан 178 кыргызстандык алып келинген. 10-майда дагы бир чартердик каттам уюштурулары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0