Мэрия: буулугуп бүттүк, чыдайлы, себеби кооптуу абалга келип калдык

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлөбаев азык-түлүк боюнча берилген жардам шаардыктардын 95-96 пайызын камтыгандыгы боюнча бүгүн билдирүү жасады.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кооптуу акыбалга келип калдык. Жардамдар берилип, элге жетип жатканы менен башка маселе чыкты - оору жуктурган жарандар күн сайын өсүп жатат. Бул туурасында Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Кооптуу акыбалга келип калдык. Жардамдар берилип, элди камтыган менен башка маселе болууда. Оору жуктурган жарандар күн сайын өсүп жатат. Андыктан үйдөн көп чыкпай, бала-чаканы көзөмөлдөп, санитардык эрежелерди сакташыңыздарды суранат элек. Баарыбыз буулугуп бүттүк. Бирок келечек, улут үчүн ден соолукту сактап, үйдө отуруп бергиле деп суранабыз. Жоопкерчиликти ар бирибиз өзүбүзгө алалы", - деди Түлөбаев.

Ал эл арасында жардам, коррупциялык иштер боюнча шек санаткан учурда атайын порталга кирип, маалыматты тактоо маалы келерин билдирди.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан өлгөндөрдүн көбөйүп жатышынын жаңы себеби айтылды
"Бийликке ишенбейбиз, коррупцияга жол берилиши мүмкүн деген сөздөр болууда. 1312. tunduk порталына берилген жардам боюнча маалыматтар жайгаштырылган. Берилген жардам жаатында шаардын жашоочуларынын 95-96 пайызын камтыдык деп айта алабыз. Канча кишиге көмөк көрсөтүлгөнүн пандемия бүткөндөн кийин толук билсе болот", - деди Түлөбаев.

Кыргызстанда бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, алардын жалпы саны 795ке жетти. Буга чейин 10 адам каза болду. COVID-19 алып кеткендердин ичинде медицина кызматкери да бар.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0