Таиланд менен Камбоджада калган 24 кыргызстандык Бишкекке алып келинди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропортунда учак. Архив
Эл аралык аэропортунда учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга келген мекендештердин бардыгы өлкөдөгү медициналык жайлардын бирине обсервацияга жаткырылды.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мекенине кайта албай калган Таиланд менен Камбоджадагы 24 кыргызстандык алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Государственные флаги Кыргызстана и Казахстана. - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Оренбургдагы мекендештерди өткөрүүгө уруксат берип, бир шарт койду
Мекендештер Казакстандын авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик каттамы менен 2-майда Шымкент эл аралык аэропортуна келип конгон. Андан бери КРдин медицина кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкекке жеткирилген. Учурда алардын бардыгы өлкөдөгү медициналык жайлардын бирине обсервацияга жаткырылды.

ТИМ мындан ары дагы чет өлкөдө калган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери улана турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0