Коронавирустан каза болгон аял 5 күн мурда Екатеринбургдан келген

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүнүн температурасын текшерип жаткан аэропрт кызматкери
Жүргүнчүнүн температурасын текшерип жаткан аэропрт кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун жүрөктүн тубаса ишемиялык илдети, атеросклероз, тубаса бөйрөк жетишсиздиги сыяктуу өнөкөт оорулары болгон.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кечээ, 2-майда, коронавирустан каза болгон Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну жакында эле Россиядан келген. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум 28-апрелде Екатеринбургдан чартердик каттам менен Бишкекке алып келинген. Алгоритм боюнча обсервацияга жаткырылып, андан COVID-19 тастыкталгандан кийин Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына которулган.

Ошондой эле аялдын өнөкөт оорулары болгону айтылат. Ал жүрөктүн тубаса ишемиялык илдети, атеросклероз, тубаса бөйрөк жетишсиздиги жана инсулинге көз каранды кант диабети менен ооруп жүргөн.

Белгилей кетсек, ал аял менен кошо бир учакта 157 кыргызстандык Бишкекке алып келинген.

Коронавирустун кесепети

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте каза болгон дарыгер коронавирусту кантип жугузуп алганы айтылды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 795ке жетип, анын ичинен 564ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0