Сак болуңуздар, жакынкы сааттарда катуу шамал болот. ӨКМ эскертүү берди

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтен шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жетерин жана катуу болорун айтышты.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Шашылыш билдирүү. Ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн", - деп айталган билдирүүдө.

Мындан улам ӨКМ элди сак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0