Нурматов: COVID-19 менен билинбей эл арасында жүргөндөр болушу толук мүмкүн

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда сасык тумоо, грипп менен 1 кварталда 93 300 киши катталган. Алардын арасында коронавирус менен ооругандар жок деп айтуу кыйын.

БИШКЕК, 3-май – Sputnik. Кыргызстанда ушул тапта коронавирус жуктуруп алгандардын билинбей, киши өзү байкабай эл арасында жүрүшү толук мүмкүн. Бул туурасында Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Адис мындай кооптуулук туурасында айтып жатып, инфекция ар кыл жерден жугуп кала тургандыгын айтты.

"Бул ар кайсы жерден, маселен, лифтиге түшкөндө да башкага же үйдөгү жакындарына жугушу мүмкүн. Алар сезбегендиктен медициналык мекемелерге кайрылбайт. Муну атайын иликтөө жүргүзгөндө гана билүүгө болот. Сасык тумоо, грипп менен 1 кварталда 93 300 киши катталды. Алардын арасында коронавирус менен ооругандар жок деп айта айта албайбыз", - деди Нурматов.

Кыргызстанда 3-майга карата COVID-19 жуктурган 26 адам катталып, жалпы саны 795ке жетти. Алардын ичинен дагы жети медик инфекцияга чалдыкты.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0