БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жалпы 200 медиктин ичинен 122си айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада өлкөдө эки медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Анын бири Ош шаарынан болсо, экинчиси Жалал-Абаддан.
Өлкөдө жалпысынан коронавирус 769 адамдан аныкталды. Анын ичинен 527си айыкты. Азыркы тапта стационарда 234 бейтап дарыланып жатса, вирус сегиз адамдын өмүрүн алды.
Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.