Ишембиге карата аба ырайы

CC0 / Free-Photos / Дождь в горах
Дождь в горах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. 2-май, ишемби күнү, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Баткендин кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу өрөөндөрүнө кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй менен Таласта +19…+24, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +17…+22 жана Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, күндүн табы +22…+24 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто жамгыр жаап, абанын температурасы +23…+25 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0