Коронавирус жуктуруп алган 102 баланын ичинен 59у айыкты

© REUTERS / Susana VeraСитуация в Испании из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Испании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 15 жашка чейинки 102 баладан коронавирус аныкталган. Анын ичинен бешөө бир жашка чейинки наристелер.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан 59 бала айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 15 жашка чейинки 102 баладан коронавирус аныкталган. Анын ичинен бешөө бир жашка чейинки наристелер.

"Бардык балдар ооруканага жаткырылган, оорунун белгилери жок, жеңил жана орточо абалда. Бүгүнкү күнгө карата 59 бала үйүнө чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Дезинфекция роддома в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуктурган бир да бейтап калган жок
Кыргызстанда COVID-19 аныкталган 756 учур катталды. Анын ичинен 504ү айыгып, сегиз адам көз жумду.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0