Аялдардан чыккан биринчи журналист-сатирик Сулуубек Токсобаева көз жумду

© AP Photo / Emrah GurelНападение на ночной клуб Reina в Стамбуле
Нападение на ночной клуб Reina в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чалкан" журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кыргызстандын алгачкы журналист кыздарынын бири Сулуубек Токсобаева 91 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, Токсобаева 1929-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган. 1946-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРКыргызстандын алгачкы журналист кыздарынын бири Сулуубек Токсобаева
Аялдардан чыккан биринчи журналист-сатирик Сулуубек Токсобаева көз жумду  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алгачкы журналист кыздарынын бири Сулуубек Токсобаева

Эмгек жолун 1949-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде баштаган. Токсобаева кыргыз сатирасына кыз-келиндерден биринчилерден болуп баш-оту менен кирип, журналист-сатирик катары таанылган.

Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Булбул жана торгой. Ээрчишип кеткен эгиз акын Элмирбек менен Зайырбек
"Чалкан" журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Мындан сырткары Москвадагы журналисттердин V съездине делегат болуп катышкан.

Анын эмгектери бааланып, СССР жана КР Жогорку кеӊешинин ардак грамоталары, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" мамлекеттик медалы менен сыйланган. 1983-жылы балдар үчүн "Эки таранчы" китеби жарык көргөн. "Табам, чагам", "Айланкөчөк" аттуу китептерге аӊгемелери жарыяланган.

Токсобаева Бишкектин Биринчи май райондук ардагерлер кеӊешинин мүчөсү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0