22:29 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)
793 0 0

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы ооруканада коронавирус жуктуруп алган бир да бейтап калган жок. Баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Муратаалы Тагаев калаа тургундарына кайрылып, өзгөчө абал режими бүткүчө көчөгө көп чыкпай турууну суранды.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы ооруканада коронавирус жуктуруп алган бир да бейтап калган жок. Баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

"Өзгөчө абал режими бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Көчөгө эби жок көп киши чыга берсе, ооруну кайра көбөйтүп алышыбыз мүмкүн. Өзүңөрдү, бала-чаканы, элди, шаарды ойлогула. Сабырдуу болуп, үйдө отуруп тургула деп суранып кетет элем. Бир жарым айдан бери иштеп аткан мээнетибиз текке кетип калбасын. Тартипти сактап берсеңер жай турмушка эртерээк кайтабыз. Урматтуу шаар тургундары, себеби жок көчөгө чыкпай тургула! Азык-түлүк маселеси жаралса мэриянын 5007 байланыш номерине чалгыла, колдон келген жардамды беребиз", — деди Тагаев.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)

Тема боюнча

Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуктурган бир да бейтап калган жок
Өлкөдөгү коронавирус: 11 бейтаптын абалы оорлоп, бешөө жандандыруу бөлүмүндө
Белгилер:
коронавирус, кайрылуу, мэр, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ