Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуктурган бир да бейтап калган жок

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДезинфекция роддома в Санкт-Петербурге
Дезинфекция роддома в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абаддагы дарыгерлер жалпы жонунан 854 адам менен иш алып барган. Азыркы тапта шаардагы обсервацияда бир эле адам бар.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарында коронавирус аныкталган бейтаптын баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ооруканада бир да адам калган жок. Бул тууралуу шаар мэри Мураталы Тагаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, шаарда обсервацияда бир эле киши калган.

"Обсервациядагы кишинин анализдери жакшы чыкса экен деп тилеп жатабыз. Бул илдет алгач шаарга жакын Сузак районунан катталган. Жалпы жонунан, биз дарыгерлер болуп 854 адам менен иштешип чыктык", — деди Тагаев.

 Ситуация в Москве из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү коронавирус: 11 бейтаптын абалы оорлоп, бешөө жандандыруу бөлүмүндө
Шаар мэри бүгүндөн тарта Жалал-Абадда 44 мекеме ишмердүүлүгүн баштаарын кошумчалады.

Кыргызстанда COVID-19 аныкталган 756 учур катталды. Анын ичинен 504ү айыгып, сегиз адам көз жумду.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0