02:15 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
160920

...Тээ ак мөңгүлүү бийик зоокаларды аралай учуп кеткен алп таланттар Зайырбек Ажыматов менен Элмирбек Иманалиевдин жаркын элестерине арналат.

Келгин куштар менен адамдар окшош. Кези келгенде экөө тең байыр алган жайын, турган турагын таштап кетишет. Келгиндер суук түшкөндө жылуу жактарга сапар алса, адам ажалы жеткенде акыретке кадам таштайт. Айырмасы, куштар аман турса жаз кайрадан жадыраган учурда кайтып келишер, бирок адам астанасын аттап өткөн чын жана жалган дүйнөлөрдүн чек арасы жабылган соң кайра эч качан ачылбайт. Өлүмдүн улуулугу да, актыгы да, муңдуулугу да мына ушунда.

Акын Элмирбек Иманалиев во время выступления.
© Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева
Акын, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиев

Бул жалгандын эки азиз коногу Элмирбек менен Зайырбек катарлаш канат кага учкан келгиндердей кете беришти. Бири – булбул болсо, экинчиси – торгой эле. Биринин жүрөк-жүлүнгө чейин жетип, сезимдерди дүрт жандырчу миң кайрыктуу шаңшыган авазы жашыл көктөмдүн ажарын ачып, чырайына шөкөт болсо, биринин миң сырдуу ыр саптары кээде ой деңизине чөмүлтүп, кээде көңүл асманына көлбүтчү.

Акын и поэт Зайырбек Ажыматов во время фотосессии
© Фото / Улан Асаналиев
Акын, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов

***

Сүйүктүү болуш үчүн сүйө билиш керек. Эки залкардын тең жүрөгүндө ааламды айлана кучактаган улуу сүйүү жашады. Ошон үчүн сүйүүнү даңктап, даңазалап ырга салышты. Элмирбек "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу лирика менен уу-шекери аралаш өксүк өмүрдүн өзүнө багышталган сүйүүнүн чыныгы сүрөткери эле. Зайырбектин кыргыз элине жана жерине болгон асыл арзуусу дилинен мөл булактай мөлтүрөп чыгып, керемет ыр саптарына айланып, кылымдарды кыдырып, замандарды чабыттаган сөз дөөлөтү катары мурасталып калды. Анын:

"Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,

Өлөлү биз, калганча арт жагыңда", – деген саптарында киндик кан тамган ыйык топуракка карата кандай гана чексиз махабаттын илеби согуп турат. Алыкулдун "Ата Журтунан" бери кыргыз адабиятында мекен тууралуу мындай күчтүү саптар туула элек болчу. Сүйүп жашаган эли бүгүн аны күйүп узатты. Сыйлап жашаган калкы бүгүн аны ыйлап жерге берди...

***

"Улук болсоң кичик бол дейт" даанышман элибиз. Зайырбектин таскактуу талант, чыгаан акын экенин улуу-кичүү, жаш-кары, аял-эркек, классик менен халтурачы, баары моюндашты. Бир гана адам бул чындыкты кабыл алган жок. Ал — Зайырбек Ажыматовдун өзү. "Буга чейинки чыккан китептеримди таанымал акындардын бирине да берген эмесмин. "Бул китеп эмес" деп ыргытып ийсе эмне болом деп жалтактадым", - деп окурмандарына төккөн ымандай сыры анын ушунчалык жупунулугун жана кичипейилдигин айгинелейт. Көрсө, адамдын даражасын кичипейилдикче эч нерсе бийиктетпейт экен. Мактанууңа себеп болгон акчаң — болгону кагаз, алтының — таш, үйүң — топурак, унааң — темир, бирок асыл адебиң менен аруу пейилиң адамдык баа жеткис наркыңдын күмүш күзгүсү тура. Элмирбек да, Зайырбек да өтө кичипейил асылзаттар эле. Өзүн бүркүттөй күчтүү, куштай алп, шумкардай кыраан сезбей, кичик тутканы үчүн Жараткан балды ошончо канаты бардан аарыга ыраа көргөн дейт...

***

"Сөзү, анан өзү болот" деген кеп бар. Сөз чындыкты чакырабы же акын өз тагдырын боолгоп жазабы, же таза жан дүйнө менен кык-жини аралашкан жашоодон тажап кетишеби, айтор, жаш кеткен залкар калемгерлердин көбү өлүм темасына кайрылышыптыр. Өз өлүмүн Пушкин да, Лермонтов да, Алыкул да, Турар да, Жолон да уйкаш саптар аркылуу угузушкан экен. Ошолордун тизмесине Зайырбектин да илингенин карасаң.

"Кутуламын бул тирүүлүк, түрмөдөн,
Кутуламын сенден – сүйгөн, сүйбөгөн.
Куну кымбат эркиндикти, чындыкты,
Кубанамын таап ошол дүйнөдөн", – деп жазган экен кайран булбул. Бал издеген аарысы аз, заң издеген чымыны көп бул өмүрдүн жалтырак жалган жамалынан чындап эле чарчап кеткенби деген ойго такаласың. Эмне болгон күндө да өлүмдү ойлой жүрүү – руханий аруулануунун, жүрөктү нурга чаюунун айныксыз жолу. Өлүмдү эстөө менен гана бул жашоого келгениңдин түпкү максат-маңызын аңдап, жан дүйнөңдө жакшы амалдар булагынын көзүн ачасың. Балким, Зайырбектин да аты аталган улуу калемдештери сыяктуу артынан өлбөс-өчпөс из калтырып кеткенинин бирден-бир сыры ушундадыр.

***

Чыныгы акын байлыкка кызыкпайт. Көзүңдүн жумулушу менен пайда-батасы түгөнгөн көр дүйнөнү кантип байлык дейсиң? Зайырбек жакшы жумушта иштечү. Бирок ыр саптарынан алтын мунара курачу баасына кун жетпес убактысын бүгүн айтылып, бүрсүгүнү унутулчу жаңылыктарды кууп өткөргөнүнө өтө катуу өксүчү. Бирок кара калемин кармап, ак барагына үңүлүп орошон ойлорун жоргодой шыдыр уйкаш саптарга айлантып отуруп алса, казанына ким аш салып бермек? Бир акын жазгандай:

Булбулдун мукам добушун,
Жактырбаган киши жок.
Булбул кантип күн көрөт,
Бирок эч киминин иши жок.

Ырын сүйгөнүбүз менен сырын түшүнүп, арман-кыялын аңдаш үчүн акындын жан дүйнөсүнө эч кимибиз үңүлгөн жокпуз. Нургазы Мусаев айткандай, ат бакканына мактанган көпөстөр акын багууну ойлошсо, балким, Зайырдай залкарлардын адамзатка берери алда канча көп болмок.

***

Зайырбек:

Жол салалы кур бекер күн өткөнчө,
Жерге, элге, анан да жүрөктөргө, — деп жазган эле. Жалган дүйнөдөгү жолу, балким аягына чыккандыр. Эмки жашоосу чын дүйнөдө эле эмес өзү күлгүн, таза кыялы, таасын таланты жана адамдык бийик касиети менен жол салып кеткен жүрөктөрдө уланат. Элмирбектин да, Зайырбектин да бүл дүйнөдө калган аманат мекени — угармандарынын жана окурмандарынын жылуу жүрөктөрү. Кыргыздын жүрөгү. Жер үстүндө ырысы түгөнгүчө ар ким жашайт, бирок жүрөктөрдөн турак таап, түнөк алуу бактысы ар кимге буюра бербейт...

***

Акын, Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев. Архив
© Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева
Сайраган куштар көп. Ар биринин үнү өзүнчө керемет, өзүнчө мукамдуу. Бирок баарынан булбул менен торгойдун добушу өзгөчө угумдуу, тили башкача ширин. Сайраганы акылды жаркытып, көңүлдү кулпуртуп, сезимди жашартат. Балким, канча дартка дабаа... Ошон үчүн алардын таңшыганын сагынып күтөбүз. Жаз баралына келгенде баштаган ырын тажабай угабыз. Биз эле эмес көктөгү Күн, Ай, жылдыз баткысы келбей, тоо, токой, бүтүн табият уйкусу качып көшүлүп тыңдайт. Уккан сайын уккуң келип, дегеле ушул үндөр өчпөсө, дымыбаса деп тилейсиң. Бирок, аттиң, экөөнүн тең тили эрте катат. Балким, гүл таажысын төгүп, суулар тартылып, чөптөр саргая баштаган учурда ырдаштын кажети деле калбастыр. Өлүк дүнүйө артынан кайберенди кууган Кожожаштай түшкөн адамзаты булбул менен торгойдун өнөрүн жаратылышчалык кайдан бааласын. Айтор, Зайырбек торгой менен Элмирбек булбул да биз ах деп арбалып, эх деп эзилип тыңдап турган учурда таңшыганын токтотуп, тээ ак мөңгүлүү бийит зоокаларды аралай учуп кетишти...

Тема боюнча

Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө... Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы
Улуу өнөрдүн көчүн татыктуу улады. Элмирбек Иманалиевге жазылган некролог
Белгилер:
өлүм, жоготуу, акын, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ