Кыргызстанда канча лаборатория иштеп жатканы маалым болду

© Sputnik / Павел Кононов / Медиабанкка өтүүЛаборатория для тестирования на коронавирус в Архангельской области
Лаборатория для тестирования на коронавирус в Архангельской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жороевдин айтымында, тогуз лабораториянын ичинен үчөө мобилдик. Анда жалпы 30дан ашык медик кызмат кылууда.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Өлкөдө учурда тогуз лаборатория иштеп жатат. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Абдыкадыр Жороев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, тогузунун ичинен үчөө мобилдик лаборатория.

"Бул лабораторияларда 30дан ашык кызматкер иш алып барууда", — деди Жороев.

Кыргызстанда COVID-19 аныкталган 756 учур катталды. Анын ичинен 504ү айыгып, сегиз адам көз жумду.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0