20:52 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (882)
285 0 0

Сакайгандардын көбү Ат-Башы районунда. Бул адамдар дагы 14 күн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бүгүн COVID-19 диагнозу тастыкталган 42 бейтап айыгып үйүнө чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бишкекте сегиз, Ысык-Көлдө бирөө, Нарындын Ат-Башы районунда 11, Ош облусунда жети, Ош шаарында үч, Ноокатта тогуз жана Сузактын ооруканасынан үч адам толук сакайып чыкты.

Билдирүүдө бул адамдардын баары эми 14 күн өз үйүндө жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Айта кетчү жагдай, бул маалымат 1-майдагы статистикага кошулмакчы.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жалпысынан коронавирус аныкталган 746 учур катталды.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (882)

Тема боюнча

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медиктердин саны 195ке жетти
Тажикстанда дароо 15 кишиден коронавирус аныкталды
Белгилер:
Жалал-Абад, Нарын, Ош, Бишкек, оорукана, бейтап, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ