Асылбек Жээнбеков умрага барбаганын депутат Зулпукаровдон айттырып жиберди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү жыйында депутат Ирина Карамушкина коронавирус чыккан учакта умрадан ЖК депутаттары, анын ичинде Асылбек Жээнбеков да болгонун айткан.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков бул жылы умрага барбаганын кесиптеши Төрөбай Зулпукаровдон айттырып жиберди.

Жээнбеков өзү бүгүн парламенттин жалпы жыйынына келген эмес. Ал эми Зулпукаров азыр эле кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

“Мен “2020-жылдын январь-апрель айында кичи ажылыкка бардыңыз беле?” деп сурадым. Ал быйыл бир да жолу барбаганын айтты. Келген жүргүнчүлөрдү текшербей өткөрүү боюнча дагы талап кылбаганын билдирди. Эгер ошондой болсо укук коргоо органдары далилдеп беришин сурады. Жөн жерден эле айыптай берген болбойт да. Оор кырдаалда динди ортого коюу туура эмес”, — деди Зулпукаров.

Ал эми спикер Дастан Жумабеков "текшертпей өткөрүү" боюнча айтылганды текшерүү үчүн парламент укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма берерин айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында ЖК депутаты Ирина Карамушкина өлкөдөгү коронавирустун жайылышына 12-мартта Сауд Аравиядан чартердик каттам менен келген адамдар себеп болгонун билдирди. Ошол каттамда ЖК депутаттары, анын ичинде Асылбек Жээнбеков да бар экенин айткан.
Ага саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жооп берип, андай маалыматы жок экенине токтолгон.

Мындан сырткары Карамушкина ал каттамда келгендерди текшербей өткөрүүнү Жээнбеков талап кылганы туурасында маалыматы бар экенин да билдирген. 

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев - Sputnik Кыргызстан
Депутат: 15 күндөн бери жумушка чыкпай элден сын угуп жатабыз
Андан соң депутаттар чуру-чуу түшүп, Карамушкинаны мындай билдирүү менен дин жана улут аралык кастыкты козутпоого чакырышкан. Коронавирус дүйнө боюнча жайылып жатканын айткан эл өкүлдөрү вирус Кытайдын Ухань шаарынан чыкканын белгилешти.

Ал эми Алтынбек Сулайманов өзү дагы декабрь айында умрага барып келгенин айтып, “суроолор болсо мага да ачык бергиле” деп чыкты.

Төрөбай Зулпукаров коронавирус боюнча кырдаалды саясатка жана динге аралаштырбоону жана жалган маалымат таратпоону өтүндү.

Өмүрбек Бакиров кесиптешин аймактар аралык кастыкты козутканы үчүн жоопкерчиликке тартуу керектигин эскертти.

Өз кезегинде Мухаммедкалый Абылгазиев март айында Сауд Аравия эпидемиологиялык кырдаал оор өлкөлөрдүн катарында болбогонун билдирип, келгендер обсервацияга жаткырылбаганын кошумчалады.

Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0