Абылгазиев: чет өлкөдөн келгендерден 561 адамга коронавирус жуккан

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүнүн температурасын текшерип жаткан медицина кызматкери
Аэропорттогу жүргүнчүнүн температурасын текшерип жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын билдиришинче, Кыргызстанда коронавируска кабылган 54 кишинин кимден жугузганы билинбей калган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус аныкталган 746 бейтаптын ичинен 185и сырттан келген. Бул жалпы статистиканын 25 пайызын түзөт. Калган 561 кишиге (75 пайызы) өлкө ичиндеги байланыш аркылуу жуккан. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпы жонунан 10 845 адам обсервацияга алынган, бүгүнү күндө ал жакта 745 жаран жатат. Өлкөдөгү 224 обсервация жайы даярдалып, анын 104ү колдонулду.
Ал эми 81 135 киши үй карантинине алынып, анын ичинен 52 738и чыгарылган. Калганы учурда көзөмөлдө.

Өкмөт башчы 15-апрелден кийин обсервациядагы 109 жана үй карантиндеги 134 адамдан COVID-19 табылганын белгиледи. Ошол эле учурда 54 кыргызстандыктын кимден жугузганы аныкталган эмес.

Коронавирустун кесепети

Милициянын кызматкери жумуш учурунда блокпостто турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макулдугун берди
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 746га жетип, анын жарымынан көбү, 462си, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0