Депутаттар өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макулдугун берди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМилициянын кызматкери жумуш учурунда блокпостто турат. Архив
Милициянын кызматкери жумуш учурунда блокпостто турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал режимин узартууга 109 депутат макулдугун берип, токтом кабыл алынды. Каршы чыккандар болгон жок.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну колдоду.

Белгилей кетсек, 28-апрелде Коопсуздук кеңеши аталган аймактарда ӨА режимин 10-майга чейин узартуу чечимин кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы чыккан.

Производство жидких моющих средств компании Нэфис Косметикс - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт 1-майдан тарта ишке кире турган тармактардын тизмесин жарыялады
Мамлекет башчынын Жарлыгын парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев депутаттарга тааныштырды.

Эл өкүлү Дастан Бекешев бүтө турган күндү так жазып коюуну сунуштады. Себеби 10-майга чейин делгени менен ал күнү дагы ӨА режими күчүндө болот, ошондуктан “11-майга чейин узартылсын” деп жазуу туура болорун айтты.

Натыйжада 109 депутаттын макулдугу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Каршы чыккандар болгон жок.

Баса, 1-майдан тарта өзгөчө абал режими Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондору менен Нарын шаарында токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0