22:57 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
321 0 0

Буга чейин коңшу өлкө Баткенге илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу костюмдарды, дезинфекциялык каражаттарды жана ун азыктарын жибергени айтылат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткен облусу Өзбекстандын Фергана жергесинин элине күрүч, алма жана картошка азыктарын жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

  • Гуманитарная помощь Узбекистана отправленная с Баткена в Фергуна 30 апреля 2020 года
    Баткен облусу Өзбекстандын Фергана жергесининин элине күрүч, алма жана картошка азыктарын жардам катары жөнөттү
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Гуманитарная помощь Узбекистана отправленная с Баткена в Фергуна 30 апреля 2020 года
    Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Баткен облусу Өзбекстандын Фергана жергесининин элине күрүч, алма жана картошка азыктарын жардам катары жөнөттү

Маалыматта Кыргызстан менен Өзбекстан коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча бири-биринин иш-аракеттерин колдоого алганы белгиленет.

Кадамжайда дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр телевизор менен камсыздалганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди
© Фото / Пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Буга чейин өкмөтүн Баткендеги өкүлү Алишер Абдрахманов менен Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев сүйлөшүү жүргүзүп, анын натыйжасында коңшу өлкө облуска кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу костюмдарды, дезинфекциялык каражаттарды жана ун азыктарын жиберген.

Баткен облусунун жетекчилиги элдин атынан кошуна мамлекетке терең ыраазычылык билдирип, мындай жардам эки элдин достугун бекемдеп турарын кошумчалады.

Тема боюнча

Депутаттар өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макулдугун берди
COVID-19 жуктурган балдардын саны 100гө жетти
Белгилер:
коронавирус, ыраазычылык, достук, жардам, Фергана өрөөнү, Баткен

ЭҢ МААНИЛҮҮ