COVID-19 жуктурган балдардын саны 100гө жетти

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКыз коопсуз бет капчан унаанын ичинде. Архив
Кыз коопсуз бет капчан унаанын ичинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 700дөн ашты. Алардын арасында 15 жашка чейинки балдар дагы аз эмес.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусун жуктурган 15 жашка чейинкилердин саны 100гө жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“100 баланын ичинен төртөө бир жашка чейинки бөбөктөр”, — деди Акматова.

Мындан ташкары, жалпы жугузуп алган 746 кишинин 20сы 16-19 жаштагы улан-кыздар экени кошумчаланды.

Медициналык кызматкер карантиндик борбордун жайында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктурган медиктердин саны 195ке жетти
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 746га жетти. Анын ичинен 462си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0