Кыргызстанда коронавирус жуктурган медиктердин саны 195ке жетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер карантиндик борбордун жайында. Архив
Медициналык кызматкер карантиндик борбордун жайында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 195 учур катталды, алардын ичинен 105 медик стационарлардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстан боюнча төрт медицина кызматкери вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын экөө Чүй облусунда, бири Ош облусунда жана дагы бири Бишкек шаарында иштейт”, — деди Акматова.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 195 учур катталды, алардын ичинен 105 медик стационарлардан айыгып чыккан.

Лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 17 киши коронавирус жугузуп алды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 746га жетти. Анын ичинен 462си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0