Зайырбек Ажыматовдун сөөгү качан кайда коюлары айтылды

© Фото / Улан АсаналиевАкын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов. Архив
Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зайырбек Ажыматов 44 жашында бүгүн Бишкек шаарында көз жумду. Акын бир нече ыр китептердин автору эле.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу анын жакын досу, акын жана журналист Мирлан Самыйкожо билдирди.

"Зайырбек менен коштошуу бүрсүгүнү, 1-майда, саат 9:30да башталат. Андан соң "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет", — деди Самыйкожо.

Эске салсак, Зайырбек Ажыматов бүгүн, 29-апрелде, каза болгон.

Артында эки уул, эки кызы калды. 

Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө... Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта "Азаттык" радиосунда иштеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0