Талас коронавируска кантип такаат берүүдө? Облус жетекчиси Мураталиев менен маек

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Таласской областиТалас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев
Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас коронавирус каттала элек жалгыз облус бойдон калууда. Кыргызстандын башка шаарлары менен дубандарында вирус жуктургандардын жалпы санын кошкондо 700дөн ашты.

Ооруга кабылгандардын көбү Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарында. Кийинки сапта Нарын, Чүй, Ысык-Көл жана Баткен турат.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Талас облусунда коргонуу чаралары жакшы жүрүп, чет жактан жугузуп келгендер Бишкектен аныкталып жаткандыктан вирус менен катталгандар жок экендигин айткан.

Вирусту алдын алуу үчүн дагы кандай чаралар жүрүп жаткандыгын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен телефон аркылуу маек курду.

— Таласта вирус жок экендигине шүгүр кылгандар да, ошол эле учурда таң калгандар да бар. Оорудан коргонуу иштери кандай жүрүп жаткандыгын тизмектеп берсеңиз?

— 18-мартта Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус катталганда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын куруп, алдын алуу иштерин айткан эле. Биз буйрук чыга электе эле Таласты обочолоп, райондордо жана айылдарда пост коюп салганбыз. Азыр 31 жерге блокпост, ал эми Чоң-Капка менен Талды-Булакта санитардык-карантиндик пост коюлган. Ошондой эле айылдардагы чоң көчөлөргө тургундар өз демилгелери менен кум төгүп алышкан.

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал киргизилген Ат-Башыдагы азыркы кырдаал. Аким Сатаровдун маеги
Жарандардын ID-картасынан жашаган жерин, каттоосун билүү татаал. Баштапкы күндөрү ушундан кыйналып жатканбыз. Ошондуктан Таласка кире бериштеги Талды-Булакка Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлүн алып келгенбиз. Адис компьютердин жардамы менен тез арада маалыматын билип берет. Андан келгендерди журналга каттап, экспресс-тесттен жана ПЦР-тесттен өткөрүп жаттык.

Таласта акыркы жылдары тазалыкка катуу басым жасадык. Жылдап тонналап жаткан таштандыларды чыгарткам. Ишембиликтерди бат-баттан өткөрүп турабыз. Азыр дезинфекция иштерин тынымсыз жүргүзүп жатабыз.

Облустук, райондук, айылдык штабдар иштеп жатышат. Облустук штаб берген тапшырмаларга райондук жана айылдар тез реакция кылышат. Акимдер, айыл өкмөттөр, жергиликттүү кеңештин депутаттары — бардыгыбыз биргеликте иш алып барып жатабыз.

Бизде өзгөчө кырдаал болгону менен өзгөчө абал жок экендиги маалым. Бирок чектөөлөр катаал эле.

— Эл аны кандай кабыл алып жатат?

— Элдин колдоосу, түшүнүп мамиле кылганы бизге чоң жардам берди. Көчөгө чыкса маска тагынып, топтошпой, үйдө болуп жатышат. Арыз-муңун, нааразычылыгын деле уга элекмин. Алардын башка иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Маселен, жазгы талаа иштери 60-70 пайыз аяктап калды. Азыр суу берип, сугаруу иштери аткарылууда.

Тургундар ынтымактуу. Патриот жигиттерибиз посттогуларга тамак-аш уюштуруп беришип, жардамга муктаджарга кол сунуп жатышат. Ошондой эле ишкерлер жана фонддор медициналык жеке коргонуу каражаттарын да алып беришүүдө.

— Маселен, кээ бир аймактарда каттооң болсо деле ал жакка кире албайсың. Таласта кирип-чыгууда чектөөлөр кандай болуп жатат?

Медсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги
— Башында шаарда жашаган таластыктар агылып кирип баштады. Арасында чет мамлекеттен келгендер бар. Аларды экспресс-тесттин жыйынтыгы менен обсервацияларга жаткыздык. Карантин жайларында башкалардан бөлүп жайгаштырганга аракет кылдык. Азыр, маселен, бир бөлмөдө экиден киши жатат.

Таластын тургуну болбогондор түшүнүү менен эле карап облуска кирбей жатышат. Эгер абдан зарыл иштери же өлүм-житим болсо экспресс-тесттен өтүп, ошонун жыйынтыгы менен киришет.

Казакстандан азык-түлүк ташып келе жаткан оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары да тесттен өтөт. Коңшу мамлекеттен келе жатканда унаасын дезинфекциялап, Таластан чыккыча эч ким менен байланышпайт.

Кечээ айрым ишканалар жумушун баштайт деп айтылбадыбы. Өзүм эл аралап көрдүм, "Марат Молдонович, постторду албай эле турбайлыбы, бул системаны кармана туралы, болбосо эл топтолуп баштайт" деген ойлорун айтып жатышат. Бул боюнча акимдердин да пикирин уктум. Ошол себептен коронавирус токтомоюнча Таласта азыркы эрежелер сакталат.

— Таласка кирем дегендерди тесттен өткөрөт экенсиздер. Буга чамаңыздар жетип жатабы?

— Бизде киши аз, тесттен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Жардам бергендер арбын.

— Өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу көпчүлүк ишсиз калып, тамак-аштан да кыйналганы бар. Гуманитардык жардамдар боюнча дагы кеп кыла кетсеңиз.

Коронавируска алынган анализ - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун чегине жеттик дегенден алысмын. Боронов азыркы абал тууралуу
— Башында облус боюнча 15 миң киши жардамга муктаж деп белгилегенбиз. Булардын көбү жумушу токтоп калган адамдар. Өкмөттөн жардам келгиче 13 миңине жардам берилген. ӨКМ кызматкерлери аркылуу ун келгенде муктаж адамдардын бардыгына бир сыйрадан таратылып, жетпегенине берип, калганын запаска коюп койдук. Жардамдар тыкыр көзөмөл менен берилет. Арыздын негизинде кызматкерлер чыныгы муктаждарды аныкташат. Ал эми дүкөндөрдө азык-түлүк жетиштүү, баалар туруктуу.

— Кудай сактасын, бирок коронавирус чыгып калса ооруканалар бейтаптарды кабыл алганга даярбы?

— Облустук оорукана даяр турат. Ал жакта тиешелүү аппараттын бардыгы бар, медициналык каражаттар жетиштүү. Азыр вируска кабылган бейтап менен дарыгерлер рация менен да байланышып калыптыр. Биз андан бери камдап койгонбуз. Кудай сактасын, бирок оору катталса биз да күрөшүүгө даярбыз.

— Элге эмне деп айткыңыз келет?

— Өлкөбүз мурдагы жашоосуна аманчылыкта жана тынччылыкта кайтышына ниеттенем. Оору бизди бириктирип, бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарттырып жатат. Ушундай оор учурда ынтымагыбыз бекемделүүдө. Бул дагы кудайдын сыноосу экен. Вирус биздин облус сыяктуу өлкөнүн башка айыл-аймактарына да тарабаса экен дейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0