ӨАнын жаңы эрежеси боюнча эмнеге уруксат берилип, кандай чектөө болот. Тизме

© Фото / пресс-служба УВД города ОшОш шаарында турган ИИМдин кызматкерлери иш учурунда. Архив
Ош шаарында турган ИИМдин кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселеси каралган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Ага бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышты.

Жыйында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселеси каралды.

Жыйынтыгында өкмөткө төмөнкү чектөөлөрдү күчүндө калтыруу сунушталды:

  • бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө;
  • ишкердик субъектилер үчүн товар ташыгандарды кошпогондо оору көбүрөөк катталган облустардын, ири шаарлардын жана калктуу конуштар арасында жарандардын жүрүүсүнө;
  • өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга чейин Кыргызстанга чет элдик жарандардын кирүүсүнө.

Ошону менен катар өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:

  • өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында уруксат берилген ишканалардын түрлөрүнүн тизмесин кеңейтүү боюнча план-графигин 30-апрелге чейинки мөөнөттө бекитүү;
  • экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген кесепеттерди азайтуу боюнча 2020-жылга биринчи кезектеги чаралардын планын ишке ашырууну улантуу;
  • экономика тармагы жана ишкердик субъектилердин ишин калыбына келтирүү боюнча финансылык жана фискалдык чаралардын кошумча планын иштеп чыгып, бекитүү.

Заседание Совета безопасности в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат. Жаңы чечим
Ошондой эле Республикалык штабга 30-апрелге чейин ишин жанданткан ишканалар санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды аткаруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу сунушталды.

Экономика министрлигине жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишкерлер менен калк арасында ишкердикти этап-этабы менен жандандыруу эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0