Жээнбеков: 9-майда “Өлбөс полкту” онлайн өткөрүү сунушталууда

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайн акция учурунда. Архив
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайн акция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы майрамдык салтанат өтпөсө дагы согуштун жана тылдын ардагерлерине өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгилеген.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралган.

“Акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция — “Өлбөс полк” иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатат”, — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Выпускной в Омске - Sputnik Кыргызстан
Нарында дагы 10, 20 жылдык жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салынды
Ошону менен бирге өлкө башчысы согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына адаттагыдай эле өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгилеген.

Эскерте кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режими узартылып жатат. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө өлкө боюнча тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0