17:22 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Сапар Исаковдун камалышы (39)
1058 0 0

Коррупцияга шектелип Сапар Исаков менен кошо соттолгон Салайдин Авазов менен Жантөрө Сатыбалдиев дагы карантинге алынды.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 жалпы режимдеги колонияга которулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков карантинге алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Учурда жаза өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
ЖАМК жетекчилиги адвокат Замир Жоошевди элге жаңылыш маалымат берүүдөн оолак болууга чакырып, ал жактаган адамдардын ал-абалы тууралуу да айта кеткен.

Маалыматка караганда, абакка башка жактан келген соттолуучулар сөзсүз түрдө 14 күндүк карантинде болушат. Аларга өзүнчө бөлмө берилип, медицина кызматкерлери, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлери көз салып турат.

“Сапар Исаков жана башка соттолгондор колония башчысына анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арыз менен кайрыла алышат. Бирок бүгүнкүгө чейин жаңы соттолуп келгендер, анын ичинде Исаков да коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эч кандай өтүнүч келтирген эмес. ЖАМК кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков адвокаты Замир Жоошев менен жолугушууну жана сүйлөшүүнү каалабагандыгын билдирди. Мындан улам жактоочуну коомчулукту адаштырган маалымат берүүдөн оолак болууга чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп Исаков менен кошо айыпталып соттолгон “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов (№27 абакка) менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев (№47 абакка) дагы башка абакка которулгандыгына байланыштуу карантинге алынышты.

Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (39)

Тема боюнча

Сапар Исаков тергөө абагында ууланып, сотко бара албай калды
ЖАМК: Сапар Исаков Петровка айылындагы абакка жөнөтүлөт
Сапар Исаков Петровка айылындагы абакка которулду
Белгилер:
абак, карантин, Сапар Исаков

ЭҢ МААНИЛҮҮ