Екатеринбургдан 157 кыргызстандык алып келинди. Сүрөт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Прибытие чартерного рейса с кыргызстанцами из Екатеринбурга
Прибытие чартерного рейса с кыргызстанцами из Екатеринбурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келген жүргүнчүлөр аба майдандын перронунда тейленип, андан ары анализи чыкканга чейин обсервацияга жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бүгүн Екатеринбургдан 157 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Мекендештер “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келип, “Манас” эл аралык аэропортуна конду. 

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бүгүн Екатеринбургдан 157 кыргызстандык Бишкекке алып келинди
Екатеринбургдан 157 кыргызстандык алып келинди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Екатеринбургдан 157 кыргызстандык Бишкекке алып келинди

Жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, келген жүргүнчүлөр аба майдандын перронунда тейленип, андан ары обсервацияга жөнөтүлөт. Ал жайда коронавирустан анализи чыкканга чейин болот.

Коронавирустун кесепети

Чартерный рейс из Новосибирска в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Новосибирскиден 177 кыргызстандык келип, дароо обсервацияга жөнөтүлдү. Сүрөт
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0