Эч качан эринбегиле! Баланы автоунаага салып жүрүүдөгү эрежелер жана кеңештер

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүАвтоунаадагы бала. Архив
Автоунаадагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды автоунаага салып жүрүүдө тиешелүү эрежелерди бузгандарга айып пул каралган. Жеке тараптар 3000 сом, ал эми юридикалык тараптар 13 000 сомго жыгылат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Рулга отурган ар бир адам өзүнүн жана өзгөлөрдүн коопсуздугуна дыкаттык менен мамиле жасашы керек. Ал эми салондо бала отурса, жоопкерчилик эки эсе өсөт.

Айдоочуларга пайдалуу маалыматтарды, суроо жараткан жол эрежелерин аныктап, зарыл болгон кеп-кеңештерди берип туруу максатында Sputnik Кыргызстан атайын рубрика ачкан.

"Жол эрежеси боюнча керектүү маалымат" рубрикасынын алкагында бул сапар балдарды автоунаага салып жүрүү боюнча эрежелер менен кеңештерди айтып беребиз.

Тиешелүү талаптар Жол кыймылынын эрежелеринин “Адамдарды ташуу боюнча” 22-беренесинде айтылган.

Автобуста же фургон кузову бар жүк ташуучу автоунаада топ балдарды ташууда алар менен бирге коштоп жүрүүчү чоң киши болууга тийиш. Ал эми борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда кеминде эки киши болушу зарыл. Транспорт каражаттарында алдында жана артында "Балдарды ташуу" деген таануу белгиси орнотулушу керек. Бул — эскертүү.

12 жашка чейинки курактагы балдарды төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынат:

  • мотоциклдин арткы отургучунда;
  • борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
  • баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болсо жеңил автомобилдин алдыңкы отургучуна отургузууга;

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов бул жаатта ата-энелер кенебей койбош керектигин айтты.

"Ата-энелер коопсуздукту сактоодо эринбеши керек. Кээде кичинекей балдарды алдына отургузуп алган учурлар болот. Кокустан кырсык болуп кетсе, баланы кармап калыш мүмкүн эмес. Ата-энелердин кенебестигинин кесепети кайгылуу болушу мүмкүн. Мындай фактылар кездешип жүрөт", — деди Оторов.

ДТП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара
Дагы бир учур — кичинекейлердин коопсуздугун камсыздаган түзүлүштөр автоунаага өзүнүн эрежеси боюнча орнотулушу керек.

Эгерде автоунаада айдоочудан башка киши жок болсо, бөбөк отурган автокреслону рулдагы кишинин жанына орнотуу керек. Аны бир аз артка жылдырып коюу зарыл. Бул кокус кырсык болуп кетсе, кооптуулук жаздыкчасы балага зыян тийгизбеш үчүн жасалат.

Ал эми салондо баланын энеси же башка адам болсо, аны артка орнотуп коюу ыңгайлуу. Рулдагы адам алаксыбашы үчүн артта отурган киши баланы карап барат.

Балдарды алып жүрүүдө тиешелүү эрежелерди бузгандар үчүн эки категориядагы айып пул каралган. Жеке тараптар 3000 сом, ал эми юридикалык тараптар 13 000 сом айып пулга жыгылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0