Балбак Түлөбаев: эл азыр эт сурай баштады

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев
Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардамдар муниципалдык аймактын башчыларынын жакындарына гана берилип жатат деген маалымат төгүндөлдү.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал киргенден тарта ушул кезге чейин борбор калаада 74 миң үй-бүлө азык түлүк жардамын алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев брифинг учурунда билдирди.

Мындай жардам мамлекет жана жергиликтүү ишкерлер, эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлүүдө.

“Материалдык жардам алгандар “булардан башка барбы, качан эт алып келесинер?” деген суроолорду бере баштады. Демек буга чейинки биз тараткан жардамдар жеткен. Биз эт тараткан жокпуз, балким жеке тараптар берип жаткандыр”, — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал гуманитардык жардам муниципалдык аймактын башчыларынын жакындарына гана берилип жатат деген маалымат чындыкка коошпой турганын эскертти. Түлөбаев алардын мынча көп тууган, таанышы болушу мүмкүн эместигин айтат.

Коронавирустун кесепети

Гуманитардык жардамды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гумжардам деп алдагандар бар. Комендант Бишкектеги кылмыштын түрлөрүн атады
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0