Узагыраак иштей баштады. Бишкектеги банктардын графиги өзгөрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү Бишкектин аймагында иштеген банктар мурдагыдан узагыраак иштей баштады. Мунун себеби — коменданттык сааттын кыскартылышы.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкектеги банктардын басымдуу бөлүгү иш күнүн дээрлик бир саатка узартты. Мунун себеби — коменданттык сааттын кыскартылышы. 

Бишкектеги банктардын иш графиги (27-апрелде жаңыланды)
Узагыраак иштей баштады. Бишкектеги банктардын графиги өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги банктардын иш графиги (27-апрелде жаңыланды)

Эске ала турчу жагдайлар:

  • банктардын иш графиги абалга жараша өзгөрүп кетиши мүмкүн;
  • көпчүлүк банктардын кээ бир филиалдары иштебейт;
  • таблицада максималдуу иш мөөнөтү көрсөтүлгөн, башкача айтканда, айрым бөлүмдөр мындан кечирээк ачылып, эртерээк жабылышы ыктымал;
  • көпчүлүк банктардын түшкү тыныгуусу саат 12:00дөн 13:00гө чейин. Бирок тынымсыз иштегендери дагы бар. Ошондой эле банктарда маал-маалы менен санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп турат. Адатта аны түшкү тамактануу учурунда кылышат.

Супермаркетте нан тандап жаткан кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбордогу супермаркеттер ӨА режиминде кандай тартипте иштеп жатат. Карта
Баса, үйдөн чыгуудан кооптонсоңуз же мүмкүнчүлүк болбосо, дээрлик бардык банктар интернет аркылуу дистанциондук кызматтарды сунуштап жатышат. Кененирээк маалыматты алардын расмий сайттарынан карап алсаңыз болот.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0