Берген азык-түлүктү аракка алмаштырган. Бишкектеги кейиткен, кубанткан окуялар

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАлкоголдук ичимдиктерди кармап турган кишилер. Архив
Алкоголдук ичимдиктерди кармап турган кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифингде кээ бир адамдар берилген жардамды артка кайтарып, чыныгы муктаждарга берүүнү сунуштаганы айтылды.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев берилип жаткан гуманитардык жардамдар боюнча маалымат берип, өзгөчө учурлар тууралуу баяндап берди.

Анын айтымында, кээ бир адамдар берилген жардамды артка кайтарып, чыныгы муктаждарга берүүнү сунуштаган.

“Эл ичинде кубанткан да, кейиткен да иштер болуп жатат. Сүйүнткөнү — өкмөт менен мэрия берген 6000 кап ундун 400гө жакыны кайра артка кайтарылды. Себеби биз мыйзам боюнча ундарды социалдык каттоодо тургандарга бергенбиз. Анын ичинде Афган, Чернобль согушунун ардагерлери, Апрель баатырлары, майыптар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Бирок айрым жашоо-шарты жакшылар “рахмат, андан көрө муктаждарга бергиле” деп кайтарып жатат”, — деди Түлөбаев.

Ошол эле учурда берилген азык-түлүктү дүкөнгө барып аракка алмаштырып алгандар дагы болуп жатканын белгиледи.

“Бирөө тынбай өкмөткө чейин чалып жатты. Атайын өзүм үйүнө барсам мас жатат, үч-төрт жолу келген жардамды алыптыр, бирок “жалгызмын, неберелерим менен ачка калдым” деп бүт жакка арыздана берет экен. Берилген гумжардамды дүкөнгө алып барып өткөрүп, арак алыптыр. Аны интернет дүкөнгө да коюптур. Особняк үйлөргө да жардам киргизилип жатат, ичине кирсең квартиранттары бар кыйналбаган эле үй-бүлө. Анан “келер бекен деп жөн эле текшерип чалгам” дегендер да бар”, — деди мэриянын аппарат жетекчиси.

Мындан сырткары, Түлөбаев эл аралык уюмдар жана ишкерлер калкка көмөк көрсөтүүдө мэриядан муктаждардын тизмесин гана алып, жардамды өздөрү таратарын белгиледи.

Коронавирустун кесепети

Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында муктаждарга азык-түлүк тынымсыз таратылууда. Телефондор
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0