Коронавирус: 12 кишинин абалы оор, тең жарымы реанимацияда

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер тепловизор менен бейтаптын температурасын текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер тепловизор менен бейтаптын температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 708ге жетти. Анын ичинен 416сы айыгып, сегизи каза болгону айтылды.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып ооруканага түшкөндөрдүн ичинен 12 кишинин абалы оор, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада 284 киши дарыланууда.

“Реанимацияда жаткан алты кишинин бешөө Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында, бири Ноокат аймактык ооруканасында дарыланууда”, — деди Үсөнбаев.

Ооруканадагы коронавирус үчүн обсервация бөлүмүндө медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты
217 оорулуунун абалы канааттандырарлык, 55 кишиники орточо оор деп бааланып жатат.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 708ге жетти. Анын ичинен 416сы айыгып, сегизи каза болгон.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0