Кыргызстанда дагы 13 кишинин коронавирус жуктурганы аныкталды

© REUTERS / Maxim ShemetovКоронавируска тест жасоо үчүн алынган анализ
Коронавируска тест жасоо үчүн алынган анализ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат жана Ат-Башы райондорунун эли өзгөчө абал режиминде жашап жатат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен Кыргызстан боюнча коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 708 болду.

"Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда алты, Нарын облусунда эки, Жалал-Абад облусунда эки кишиден табылды. Анын ичинде бир дарыгер, бир медайым бар. Ушуну менен медиктердин жалпы саны 185ке жетти", — деди Үсөнбаев.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0