Сак болгула! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал башталды

Жазылуу
Ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал аталган аймактарда жакынкы саатта жана күндүз катталмакчы.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында катуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал аталган аймактарда жакынкы саатта жана күндүз катталмакчы.

Буга байланыштуу агенттик жашоочулардын сак болушун эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0