Бишкектен башка аймакта коменданттык саатты бузгандар аз. Статистика

Жазылуу
28-апрелге караган түнү өзгөчө абал режими киргизилген Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузгандар катталган эмес.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кечээ кечинде жана 28-апрелге караган түнү республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 72 киши бузуп, үч автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын саны:

  • Бишкек шаары —57;
  • Жалал-Абад шаары — 1;
  • Ош шаары — 3;
  • Сузак району — 4;
  • Нарын шаары — 2;
  • Ат-Башы району — 5.

Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузгандар катталган эмес.

Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: парламент өзгөчө абал режимин узартуу маселесин карайт
Тартип бузуп колго түшкөндөр ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта, коменданттык саат эрежесин бузган 3654 адам кармалды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0