Ош шаарында муктаждарга азык-түлүк тынымсыз таратылууда. Телефондор

© REUTERS / AZIZ TAHERАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын маалыматы боюнча, жергиликтүү компаниялар калаанын 2600 үй-бүлөсүнө азык-түлүк баштыгын алып берген.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы калаадагы муктаж жарандар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр гуманитардык жардам сурап кайрылуу үчүн телефон номерлерин жарыялады.

Федеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках - Sputnik Кыргызстан
17 тез жардам унаасы. Ишкерлердин медиктерге берген жардамы боюнча маалымат
Ош шаарынын мэриясынын (03222) 5-53-84 жана 166 кыска номердеги ишеним телефондору 24 саат иштейт.

Мындан тышкары, кайрылуулар Ош мэриясынын Facebook жана Instagram расмий баракчалары жана map.oshcity.kg (Онлайн-карта) сайты аркылуу да кабыл алынат.

Мэрия учурда жергиликтүү компаниялардын бири шаардагы 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгын таратып жатканын белгилейт. Андан мурда эле уюлдук операторлордун бири 1600 үй-бүлөгө жардам бергени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0