КРде коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алгандар барбы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМосква во время режима самоизоляции жителей
Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 695ке жетсе, анын 395и сакайды. Илдеттен сегиз адам көз жумган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан айыккан бейтаптардын арасында вирусту кайрадан илештирип алгандар жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүнкү брифингде министрдин орун басарына "Кыргызстанда коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алгандар каттала элекпи?" деген суроо берилген.

"Бүгүнкү күндө коронавирус аныкталган жана андан айыккан бейтаптардын ичинен эч кимисинен экинчи ирет коронавирус табылган жок", — деди Үсөнбаев.

Бейтапты ооруканага апкелген тез жардам бригадасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көбү Нарындан. КРде коронавирустан 25 бейтап айыкты
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 695ке жетсе, анын 395и сакайды. Илдеттен сегиз адам көз жумган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0