Чала тааныш адамга күтүүсүз чалба. Видео байланыш учурундагы этикет

© REUTERS / Valentyn OgirenkoВидео байланыш менен сүйлөшүп жаткан кыз. Архви
Видео байланыш менен сүйлөшүп жаткан кыз. Архви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Карантиндик чектөөлөр күнүмдүк иштерибизди онлайн-режимде бүтүрүүгө үйрөттү. Өзгөчө бири-бирин көрүп сүйлөшкүсү келгендер видео байланыш аркылуу жүз көрүшүп калды. Кызыгы, жөн гана сагыныч таратып же иш аркылуу эмес, видео байланыш аркылуу баш кошуп, үлпөт той өткөргөндөр дагы болууда.

Бүгүн Sputnik Кыргызстандын окурмандарына этикет мугалими Нуржан Исмаилова акыркы айларда жашообузга мурдагыдан дагы тереңирээк сүңгүп кирген видео маектешүүнүн эрежелерин айтып берди.

Интернеттин сапатын текшерип ал

Кимдир бирөө менен видео аркылуу сүйлөшкүңүз келсе, алгач интернеттин сапатын текшерип алыңыз. Өзгөчө жумуш боюнча жакын тааныш эмес же алгачкы ирет сүйлөшүп жаткан киши болсо, видео улам токтоп же сөзүңүз жөндүү угулбай турганы экөөңүзгө тең ыңгайсыздык жаратат.

Даярдык

Айдоочунун документин текшерип жаткан милиция кызыматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Текеберленбе! Өзгөчө абал учурунда милиция менен элдин сүйлөшүү этикети
Сүйлөшө турган киши жакын адам болбогон учурда "видео жолугушууга" даярданып алыңыз. Мисалы, чачы-башыңызды оңдоп, жаныңыздагы бирөө болсо анын тоскоол болбой турушун суранып дегендей. Баса, видео чакыруу жөнөтөрдөн мурда маектешке билдирип койгонуңуз туура. Балким ал үйдө чоюлуп кеткен футболка кийип, телевизордун маңдайында кофе ичип отурушу мүмкүн. Ага дагы даярданып алууга шарт түзүңүз.

Башкага алаксыба

Маек учурунда башкага алаксып, экрандын ары жагындагы адамга көңүл кош мамиле кылуу туура эмес. Ошондой эле олдоксон кыймылдап, камераны калчылдатпаңыз.

Сөз талашпа

Бир адам менен же видеоконференция аркылуу бир нече киши менен сүйлөшүп жатканда бирөөнүн оозунан сөздү жула качпаңыз. Бет маңдай отурбагандан кийин мындайда ар бир киши кезек-кезеги менен сүйлөгөнү туура.

Жатып алба

Айрым учурда отургучка чалкалап же керебетке жатып алып жайбаракат сүйлөшкүбүз келет. Бирок мындайды үй-бүлө мүчөлөрү же сүйүктүү адамыңызга гана кылсаңыз болот. Башкалардын көзүнө бул нерсе бир аз жат көрүнүшү мүмкүн.

Коштошуу

Сүйлөшүп бүткөндө сөзсүз коштошуп, маек бүткөнүнө көзүңүз жеткенден кийин гана камераны өчүрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0