Стамбулдан келген кыргызстандыктардын анализи даяр болду

© Фото / Пресс-служба МИД КР Стамбулдан алып келинген кыргызстандыктар
 Стамбулдан алып келинген кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-апрелде чартердик каттам уюштурулуп, Түркиянын Стамбул шаарындагы 349 кыргызстандык мекенине алып келинген болчу.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өткөн жумада, 24-апрель күнү Стамбулдан алып келинген кыргызстандыктардан коронавирус аныкталган жок. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдөн келген мекендештердин баары үй карантинине чыгарылып, аймактарга атайын транспорттор менен жеткирилип жатат.

"Бүгүнкү күндө 141 жаран транспорттун келишин күтүп жатат. Ал эми сегизинин үй карантининде болууга шарты жок болгондуктан обсервацияда жатат. Бишкекте 128 адам үй карантинине чыгарылды. Ал эми Ош облусуна — 28, Чүйгө — 86, Жалал-Абадга — 35, Ысык-Көлгө — 28, Таласка — 15, Нарынга — 14, Баткенге 19 жараныбыз кетти. Баары атайын уюшулган бустар менен жөнөтүлдү. Ал жактан медициналык мекеменин жетекчилери тизме менен кабыл алып, андан ары көзөмөл жүргүзөт", — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле министрдин орун басары чет жактан келгендер келери менен обсервацияга жаткырылып, тыкыр медициналык көзөмөлдөн өтүп, лабораториялык анализдери алынарын белгиледи. Эгер алгачкы анализдери таза чыкса, ага анкеталарды түзүп, телефонуна кайда жүргөнүн байкоочу мобилдик тиркемелерди орнотуп, андан кийин үй карантинине чыгарыларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 17-апрель күнү Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларынан келген 211 жарандын бирөөсү коронавирус жуктурганы белгилүү болгон. Андан кийин 22-апрель күнү Новосибирскиден келген 177 жарандын бирөөсүнөн дагы COVID-19 чыккан.

Коронавирустун кесепети

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 25 бейтап айыкты. Алар жашаган аймактар
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 682ге жетип, анын жарымынан көбү, 370и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0