Бишкек коменданты: ишканалардын ачылышы тууралуу айтуу эртелик кылат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Комендант города Бишкек Алмаз Орозалиев
Комендант города Бишкек Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмаз Орозалиев 1-майда Бишкекте айрым мекемелер иштей баштайт деп айткандарды элди адаштырбоого чакырды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев борбор калаага киргизилген чектөөлөр боюнча билдирүү жасап, аны Facebook баракчасына жарыялады.

"Мага көптөгөн билдирүүлөр түшүп жатат, өзүмдүн байкоомдо да сулуулук салондору 1-майдан тарта иштей баштайт дегендер көп болууда. Тургундар ишканаларынын ачылышына даярданып жаткандай. Азыр бул тууралуу айтуу эртелик кылат", — деди комендант.

Ал "элди адаштырбоого" чакырды.

"Ишкана-уюмдардын ачылышы Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бардык талаш сөзгө жана ушактарга чекит коюу зарыл деп эсептейм", — деди Орозалиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 665 адам аныкталып, анын 345и айыгып чыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Ал эми буга чейин киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узарып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0