20:55 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ак жарык (23)
514810

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, үлп эткен жел, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бүгүн "Ак жарык" рубрикасында баяндап берчү окуя 30 жыл мурда болгон экен. Жүрөк жылыткан бул баянды тааныш дарыгердин өз оозунан угуп, окурмандар менен бөлүшүп коюуну чечтим.

— 90-жылдардын башы, жай мезгили... Мектепти аяктап, экзамендерди ойдогудай тапшырдым. Жакшы окуган окуучудан үмүт чоң болот эмеспи, эжей-агайлар улам бир кесипти сунуштап, кеп-кеңештерин айтып жатышты. Бардыгын жылмайып угуп, баш ийкеп гана тим болом. Менин окууга өтөрүмө, негизи эле айылдан чыгарыма такыр көзүм жетчү эмес. Апамдын көзү өтүп кеткенине 5-6 жыл болгон. Атам жаш болсо дагы кайра үйлөнгөн жок. Өзү башынан түнт киши эле, апамдан кийин ого берет чүнчүп, өзү менен өзү болуп кетти. Анын үстүнө Советтер Союзу жоюлуп, элдин баары айласын таппай турган учур атамды ого бетер басмырлап салды окшойт.

Ал ортодо классташтар четинен шаарга окууга тапшырганы кете баштады. Менде кайдан-жайдан акыры Бишкекке жетип, медициналык окуу жайга тапшырам деген максат пайда болду. Калаада апамдын бир туугандары бар эле. Аларга жабышып, балдарын карап, оокатын жасап, "оту менен кирип, күлү менен чыксам" дагы окушум керек деп өзүмдү көндүрдүм.

Ошол күнү өзүмдөн-өзүм канат байлап, таң аткыча кийим-кечемди чогулттум. Чогулттум дегенде кандай, көчөгө кийип чыкканга жарайт деген бардык кийимдерим биригип бир баштыктын түбүнөн болуп калды. Эң кызыгы бутума киерге эч нерсе калбаптыр. Баары эскирип, жарабай калган.

Улуу муун калп айттырбайт, ал кезде дүкөндө окууну жаңы бүтүп, шаарга барам деп турган жаш кызга эмес, башкаларына дагы ырыстуу кийим калган эмес. Колго тийгенин сатып алып кетейин десем, чөнтөгүмдө сокур тыйын жок. Шаарга эмне кийип кетеримди билбей бушайман болуп бир жумадай жүрдүм окшойт.

Бир күнү кечинде атамдын карындашы тамак ичип кет деп чакырып калды. Барсам, жездем экөө кургак кесме жасап алып күтүп отуруптур. Баламын да, эч нерседен элес албай кудуңдаган бойдон жеп алып, эми кетейин деп жатсам, эжем "коё тур, сүйлөшө турган сөз бар" деди.

Көрсө алардын коңшусу мени келин кылып алайын деп жүрүптүр, азыр ойлосом, тамырын тартып сүйлөшүп көр деген окшойт. Баласы биздин мектепти бүткөн менден улуураак, кыялы чатак неме болчу. Жаш болсом дагы ал баланын адамдык сапаттары анча жакшы эмес экенин баамдачумун.

Ошондон уламбы, айтор, эжем мага чыккынчылык кылып жаткансып маанайым көчүп, көзүмдөн жаш тегеренип кетти. А балким эжем жаш баланын жүргөн-турганына анча көңүл бурбаса керек.

Ошол маалда жездем дагы ары жакта бушайман болуп жатканын байкадым. Бирок өзүмдү бар күчүм менен кармап, шаарга кетеримди, бирок туфлим эле жок болуп жатканын сылык-сыпаа айтып үйдөн чыгып кеттим.

Эртеси күнү кечке маал тамак жасайын деп очоктогу отту чукулап отурсам, жездем кула бээсин бастырып короого келип токтоду. Колтугуна бир нерсе кысып алган. Учурашып алдынан тосуп чыксам, анысын ала коюп мага сунду. Оролгон гезиттин ичинде кычыраган кара туфли бар экен. Өмүрүмдө мындайды кийип көрбөгөн жаным көзүм жайнай түштү. Бутума салсам, бир аз чоңураак, бирок "эч нерсе болбойт, башына кебез тыгып алам" деп бир эмес, 3-4 жолу айтып ийгенимди кийин байкап калдым. "кайдан таптыңыз муну?" десем, "дүкөндөгү тетя Марусянын катканы экен, илгери бир жакшылык кылдым эле, унутпаптыр, сурасам бере койду" деп өзү дагы менден бетер бактылуу. Кетип баратып төш чөнтөгүнөн акча алып чыгып, "муну жол кире кыл, менин сага кошкон салымым ушул болсун, бирок эртең биринчи автобустан калбай жөнө" деп бастырып кетти.

Кийин уксам, ошол күнү кечинде алардын кошунасы мени ала качмак экен. Анда жездеме мени көңүлүм сүйбөгөн жигиттен эле сактап калганына ыраазы болсом, жыл өткөн сайын ал киши бүтүмдөй жашоомду жакшы жагына буруп койгонун түшүнө баштадым.

Анткени мен ал алып берген туфлини кийип, акчасын жол кире кылып Бишкекке келгем. Бул жактан медициналык окуу жайга өтүп, офтальмолог болдум. Жумушумдун арты менен дүйнө кыдырдым. Дүйнө кыдырып жүрүп, коңшу казак журтуна келин болдум.

Жездем өмүр бою мал багып, башынан өтө карапайым, жупуну турмушту өткөргөн адам. Бирок билимдин, каалоонун, умтулуунун баркын сезип, мага бактылуу жашоого билет алып бергенине чексиз ыраазымын.

Ошо кезде "кыздын барар жери күйөө" деп кол шилтеп, коңшусуна алып берип койсо деле ыйлай-сыктай күн көрмөкмүн да.

Азыр шаарга келгенде менин дагы жанымда болсун деп эжем экөөнү үйгө чакырганым чакырган. Бирок абышка-кемпир өзүнүн уул-кыздарынан, неберелеринен мага артпайт. Анысына деле мейли, акыры аман жүрсө экен!

Тема:
Ак жарык (23)

Тема боюнча

Үч жетимди томсортпой бооруна кысып... Өгөй эненин ак жарыгы
Белгилер:
тагдыр, окуу, жардам

ЭҢ МААНИЛҮҮ