Ракка чалдыккан балдарга 60 млн. сомго дары алынып, бир бөлүгү Ошко берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековДетское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке
Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз болуп жаткан дары-дармектердин бир бөлүгү республикага алып келинген. Калганы чек аралардын убактылуу жабылышына байланыштуу алынбай калган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Химиялык дары-дармектерди сатып алууга каралган 60 миллион сомдун бир бөлүгү Ош балдар ооруканасына бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Каражат өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен каралган.

“Бул акчага онкологиялык илдеттерге кабылган балдар үчүн дары-дармектерди сатып алуу пландаштырылууда. Учурда тизмеси даярдалып жатат. Аны министрликтин байкоочу кеңеши тыкыр карап чыгат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ситуация в связи с коронавирусом в городах России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дары-дармектер 20 пайызга чейин кымбаттады. Себептери
Оштогу областтар аралык балдар клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнө бөлүнчү каражаттын суммасы дары-дармектерге карата конкреттүү муктаждыктан келип аныкталат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, сөз болуп жаткан дарылар Саламаттык сактоо министрлигинин негизги тизмесине киргизилген жана бир бөлүгү республикага алып келинген. Калганы чек аралардын убактылуу жабылышына байланыштуу алынбай калган.

Аталган маселе Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин көзөмөлүндө турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0