COVID-19: реанимацияга түшкөн прокуратура кызматкеринин азыркы абалы

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы стационарларда COVID-19 жуктурган 326 адам жатат. Анын 12си оор абалда болсо, бешөө реанимацияда.

БИШКЕК, 24-апр. – Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандардын катарында прокуратура кызматкери дагы бар. Ал дагы деле реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Эске салсак, буга чейин укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 илдетине кабылганы айтылган. Мындан сырткары, ЖМКлар Жайыл райондук прокуратурасынын 32 жаштагы кызматкери 19-апрелде ооруканага жаткырылганын жазышкан. Маалыматка караганда, аны менен кошо жубайы дагы илдетке кабылган.

“Прокурор реанимацияда дарыланып жатат. Биздин дарыгерлер айыктырат деп ишенип турабыз”, — деди Үсөнбаев.

Заместитель министра здравоохранения Нурболот Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Үсөнбаев: өзгөчө абалдын мөөнөтү бүткөн күндө да бир топ чектөөлөр калат
Эске салсак, Кыргызстандагы стационарларда COVID-19 жуктурган 326 адам жатат. Анын 12си оор абалда болсо, бешөө реанимацияда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0