Оору менен алышам деп... COVID-19 дагы он медикке жабышты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкерлери
Медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сутка ичинде 25 киши вируска кабылса, анын тең жарымдайы медик болууда. Жалпысынан коронавирус жуктурган ак халатчандардын саны 172ге жетти.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде он медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вируска кабылган алты кызматкер Нарындан, экөө Ош облусунан, бирөө Ош шаарынан жана дагы бирөө Бишкектен.

Ооруканадагы медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алган дагы 20 бейтап айыкты
Жалпысынан коронавирус жуктурган медиктердин саны 172 болду. Ошондой эле 53 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинде 18 дарыгер, 24 орто медициналык персонал, сегиз кенже медициналык персонал жана үч башка адис бар.

Бүгүн жалпысынан 25 киши вируска чалдыгып, жалпы катталгандар 656га жетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0