Жалал-Абадда азайды. Түндө коменданттык сааттын эрежесин бузгандар

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшИИМ кызматкерлери. Архив
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кечээ кечинде жана түндө республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 106 киши бузуп, тогуз автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Штаб: төрт миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтууну каалап жатат
Бул ирет тартип бузгандар адаттагыдай Бишкекте көп. Борбор калаада 88 киши коменданттык сааттын эрежесине баш ийбей кармалса, Жалал-Абадда бул ирет аз. Эки гана адам тартип бузган. Ош шаарында беш, Нарын шаарында бир, Ат-Башы районунда беш, Сузак районунда үч, Кара-Суу районунда эки адам кармалды. Ноокат району коменданттык сааттын эрежесин жакшы сактап келе жатат. Бир нече күн катары менен аталган райондо эреже бузгандар жок.

Колго түшкөндөр ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 3361 адам кармалды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0