Дил дүйнө тазарып, ыйман бекемдейт! Жээнбеков элди Рамазан айы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт учурнда борбордук мечитте. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт учурнда борбордук мечитте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы кыргызстандыктарга бекем ден соолук, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын каалады.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчы 30 күн кармаган орозонун касиети менен дил дүйнө тазарып, ыйман тереңдеп, аруу сезимдер арбып жана жакшылыкка болгон үмүт бекемделерин белгилеген.

"Урматтуу мекендештерим! Ардактуу мусулмандар! Баарыңыздарды куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын каалады.

Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталат. Sputnik Кыргызстан ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысын камтыган Орозо календарын даярдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0