Көчөдө калган кыргыздар ар кимдин үйүндө. Түркиядагы студенттин маеги

© Фото / предоставлено Дастаном Разак уулуТүркиядагы окуган студент Дастан Разак уулу
Түркиядагы окуган студент Дастан Разак уулу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия учурда коронавирус илдети каптаган эң алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет. Бул мамлекетте окуп, иштеп күн өткөргөн кыргызстандыктардын да саны көп.

Акыркы маалыматтарга караганда, азыркы учурда Түркияда коронавирусту жуктургандардын саны 80 миңден ашса, каза болгондор 2 миңге жакындады.

Дастан Разак уулу азыркы учурда Стамбул шаарында илимий ишин жазып жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги каарманыбыз менен байланышып, Түркиядагы азыркы абал, вирусту токтотуу үчүн жасалган иш-аракеттер жана мекенге кайта албай жаткан кыргызстандыктардын абалы тууралуу баарлашты.

— Алгач Түркияга келгениңизге канча болду жана эмне менен алектенериңизди айта кетсеңиз?

— Бул өлкөгө 2016-жылы билим алуу максатында келгем. Программа аркылуу Измир шаарындагы Докуз Ейлүл университетинин тарых бөлүмүнө өткөм. Учурда аталган жогорку окуу жайда докторантурада илимий иш жактап жатам. Азыр аны жазуу үчүн Стамбул шаарындамын.

Нью-Йорк ооруканада медицина кызматкери болуп иштеп Нуркыз Эшенова - Sputnik Кыргызстан
Нью-Йорктогу медайым Нуркыз: моргдо орун жок, эки контейнер да өлүккө толуп калды
— Коронавирус илдети азыр бүт дүйнөнү каптап турган кез. Түркияда абал оор эле болсо керек?

— Түркияга коронавирус коңшу өлкөлөргө караганда кечирээк келди. Алгач Иранда, Италияда күчөп, андан соң коңшу Ирак, Грецияда да ооругандар каттала баштады. Бирок ошол кезде Түркияда илдетке кабылгандар жок болчу. Вирус марттын орто ченинде башталып, тез эле күчөп кетти.

— Коронавирустун тез арада жайылып кетүүсүнө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

— Негизи калкынын саны боюнча алып карасак, Түркияда коронавирустун жайылышы башка өлкөлөрдөн көп деле айырмаланбайт. Илдет алгач Европадан, андан кийин умрадан келгендер аркылуу жукту деген маалыматтар тарады. Марттын ортосуна чейин коңшу өлкөлөр ызы-чуу түшүп жатканда Түркияда оору каттала элек болчу. Менин жеке пикирим боюнча, илдеттен корккон көп өлкөлөр Кытай, Иран менен соода-сатыкты токтотушкан. Ошол кезде бүт соодагерлер Түркияга келип иш кыла башташты. Февраль жана март айларында соода тармагы аябай өрчүп кеткен. Ага кошумча, Стамбулдагы аба майданы да бүт дүйнөнү туташтырган жай эмеспи. Булардын баары вирустун жайылуусуна чоң түрткү болду окшойт.

© Фото / предоставлено Дастаном Разак уулуДастан Разак уулу азыркы учурда Стамбул шаарында илимий ишин жазып жатат
Көчөдө калган кыргыздар ар кимдин үйүндө. Түркиядагы студенттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Дастан Разак уулу азыркы учурда Стамбул шаарында илимий ишин жазып жатат

— Бийлик вирусту жайылтпоо үчүн кандай иштерди кылып жатат?

— Жалпы элге "сыртка чыкпагыла, үйдө отургула" деген кайрылуу жасалды. Сыналгыдан адистер, дарыгерлер чыгып вирустун кооптуулугун айтып жатышты. Атактуу кино жана шоу жылдыздары да социалдык тармактардан кайрылуу жасашты. Андан соң ири ишканалар, соода борборлору, окуу жайлар жабылды. Азыр көпчүлүк жумуштар негизинен интернет аркылуу болуп жатат. Окуу жайлар да онлайн системага өттү. Ал эми майда дүкөндөр иштеп жатат. Ишемби жана жекшемби күндөрү 48 саат тыкыр карантин жарыяланган. Ал эми калган күндөрү карантин жок, бирок себепсиз чыкпагыла деп эскертишүүдө. Ошол эле кезде ири шаарларга кирип-чыгуу токтогон. Көчөлөр тынбай дезинфекцияланып турат. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, вирус жуктургандардын саны азайып, ал эми айыккандар көбөйүүдө.

— Негизи карантин кандай өтүп жатат?

АКШнын Сан-Франциско шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Улан Апсатар - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска эң көп селсаяктар кабылды. Сан-Францискодо окуган Уландын маеги
— Зарыл иш болбосо көчөгө чыкпаганга аракет кылабыз. Алгачкы күндөрү деңиз жээгинде, сейил бактарда жүргөн адамдар көп болчу. Мэриянын кызматкерлери көчө бойлоп кыйкырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабай азыр деле сыртта жүргөн адамдар кездешет. Эми эрежелерди эч ким жүз пайыз сактабайт экен да. Дагы айта турган нерсе, жашы жыйырмадан төмөн жана алтымыштан жогору болгон жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынган. Алар эрежени бузса айып салынат.

— Бийлик колунда жокторго, жумушсуз калгандарга кандай жардам берип жатат?

— Бийлик да, жеке ишкерлер да колунда жок жарандарга ар кандай көмөк көрсөтүүдө. Мамлекеттик кызматкерлер айлыктарын өз убагында алып жатышат. Мен кечээ жакында өзүм жашаган райондун администрациясына барып калдым. Барсам жарандар көп экен. Кызматкерлер "азык-түлүк үчүн келгендер бул тарапка, акчалай жардамга келгендер бул жакка" деп жардам берип жатышыптыр. Бирок кандай болгон күндө да акчаны күнүмдүк таап жаткандарга кыйын болду. Биздегидей эле батирде жашагандардын, кредити барлардын абалы оор эле.

© Фото / предоставлено Дастаном Разак уулу Дастан Разак уулу: Бийлик да, жеке ишкерлер да колунда жок жарандарга ар кандай көмөк көрсөтүүдө. Бирок кандай болгон күндө да акчаны күнүмдүк таап жаткандарга кыйын болду. Биздегидей эле батирде жашагандардын, кредити барлардын абалы оор эле
Көчөдө калган кыргыздар ар кимдин үйүндө. Түркиядагы студенттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Дастан Разак уулу: Бийлик да, жеке ишкерлер да колунда жок жарандарга ар кандай көмөк көрсөтүүдө. Бирок кандай болгон күндө да акчаны күнүмдүк таап жаткандарга кыйын болду. Биздегидей эле батирде жашагандардын, кредити барлардын абалы оор эле

— Карантинден кийин экономиканын артка кетери айтылып жатат. Бийлик бул жаатта кандай кадамдарды кылып жатат?

— Президент Режеп Тайип Эрдоган элге кайрылуусунда "Өзүбүздү өзүбүз бага алабыз, Түркиям" деген улуттук тилектештик акциясын баштаткан. Өзү алгачкылардан болуп жети айлык маянасын багыштады. Бардык мамлекеттик кызматкерлерди, министр, депутат, мэр, аким, айыл башчыларына чейин бул акцияга катышууга чакырган. Бул вирустан кийин экономиканы жолго салуу үчүн жасалган алгачкы кадам болду.

— Азыр медиктер коронавируска көп кабылып жатат. Түркиядагы дарыгерлердин абалы кандай?

— Түркия саламаттык сактоо тармагы боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны башка мамлекеттерге караганда аз экендиги айтылууда. Илдет башталгандан бери бир нече жаңы ооруканалар ишке киргизилди. Учурда дагы салынып жатат. Алар кийинки айлардан баштап бейтаптарды кабыл ала баштайт экен. Ооруну алдын алуучу дары-дармектерди да өздөрү өндүрүүдө. Ал тургай башка өлкөлөргө да жардам катары жөнөтүүдө.

— Түркияда жашаган кыргыздар көп да. Алардын учурдагы абалы кандай?

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
— Негизинен бул жердеги кыргыздардын абалы жарытаарлык эмес. Билим алып же эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар көп. Окуганы келгендер да мамлекет тарабынан стипендия алгандар жана жеке каражаты менен билим алгандар болуп экиге бөлүнөт. Стипендия алгандарга жатакана да берилгендиктен абалдары жакшы. Ал эми контракттык негизде окугандарга бир аз кыйын болду. Эмгектенип жүргөн мекендештердин абалы чындыгында эле оор. Туристтик шаарларда иштегендер такыр жумушу жок калышты. Карыларды же жаш балдарды баккан кыз-келиндер көп болчу. Иш токтоп, баары үйдө отуруп калгандыктан айрым түрктөр өзүбүз карайбыз деп аларды чыгарып салышты. Көчөдө калгандар ар кимдин үйүндө баш калкалашууда. Бирок канчага чейин антип жашашат, белгисиз. Кыргыз коомдук жана маданий үйлөрүндө жан сактагандар да бар. Мисалы, Измирдеги мекемеде онго жакын жаран акчасы же батири жок болгондуктан бир айдан бери ошол жакта башпаанектеп жатышат. Шаардан шаарга чыгууга тыюу салынгандыгы абалды андан бетер оорлотту. Анталья, Измир, Анкара сыяктуу шаарларда да мекенге кетсек деген кыргызстандыктар көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0